Жаңылыктар
БШК сайтындагы программалык ката жыйынтыкка таасир эткен жок - Шайлдабекова
Шайлоо 2023
БШК сайтындагы программалык ката жыйынтыкка таасир эткен жок - Шайлдабекова

Саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ведомствонун сайтындагы программалык катанын себебин дагы бир ирет түшүндүрдү.

Анын айтуусуна караганда, көйгөй формуланын туура эмес иштешинен улам келип чыккан, ал дароо оңдолгон. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын серверинде эч кандай мүчүлүштүктөр болгон жок, бул программалык гана ката болду. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен жок жана таасир эте албайт - деди Шайлдабекова.