Жаңылыктар
Эл аралык байкоочулардын шайлоо жөнүндө ойлору
Шайлоо 2023
Эл аралык байкоочулардын шайлоо жөнүндө ойлору

Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда ишин аяктап жатышат. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жүргүзүлгөн мониторинге ылайык, алар шайлоо процессинде олуттуу өзгөрүүлөр болбогонун белгилешүүдө. Шайлоо участкаларында элди массалык ташуу, бюллетендерди таштоо болгон жок. Жалпысынан бул шайлоону өлкөнүн тарыхындагы эң ачык жана атаандаштык деп атоого болот, - дешет байкоочулар

Алексей Глухов Кыргызстандагы шайлоолорго бир нече жылдан бери байкоо салып келет, бул жолу шайлоо жол-жоболору бир топ жакшыртылганын, шайлоо жаңы система менен өтүп, жоопкерчилик чаралары катаалдашканын белгиледи.