Жаңылыктар
Шайлоо-2021: Кол менен эсептөөгө убакыт талап кылынат
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021: Кол менен эсептөөгө убакыт талап кылынат

Кол менен эсептөөнүн созулушуна добуш берүүчүлөр тараптан кетирилген айрым катачылыктар да таасир этип жатканын БШКнын Оштогу өкүлчүлүгүнүн адистери билдирди. Буга кошумча, бул жолку эсептөө процесси баштапкы өнөктүктөрдөн киргизилген жаңычылыктары менен өзгөчөлөнүүдө. 3 күндөн бери уйку менен үйдүн бетин көрбөй иштеп жаткан комиссия мүчөлөрү биздин аймактык кабарчыбызга кол санак жүргүзүүнүн жол-жобосун айтып беришти.

БШКнын Оштогу өкүлчүлүгүндө 28-ноябрдан бери иш кызуу. Өмүрбек Төрөкуловдун айтымында,быйыл өзгөчө эреже менен өткөн өнөктүктүн жыйынтыгын күтүп жаткан элдин мүдөөсүн орундатыш үчүн, ар бир күн эмес, саат маанилүү. Майрам күн, дем алыш эмес түштөнүүгө убакыт жок.