Жаңылыктар
Жылдын мыкты спортчулары сыйланды
Спорт
Жылдын мыкты спортчулары сыйланды

Быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болду. Бир жылдын ичинде дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө өткөн ар түрдүү мелдештерде, олимпиада оюндарында спортчулар мекенге 400гө жакын медаль менен кайтышты. 

Бул өлкө үчүн чоң сыймык жана жетишкендик. Спорт жана дене тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына өзгөчө салым кошкон спортчуларга "SPORTS AWARDS – 2021" сыйлыгы тапшырылды. 

Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө “Улуттук спорт чебери”, “Мыкты спортчу”, “Мыкты спортчу айым”, “Мыкты машыктыруучу”, “Жыл жаңырыгы” “Мыкты улакчы”,” ММА боюнча мыкты мушкер” жана башка сыйлыктар тапшырылды.