Жаңылыктар
Жаңылыктар сурдокотормо менен коштолот
УТРК жаңылыктары
Жаңылыктар сурдокотормо менен коштолот

Бүгүндөн баштап КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын жаңылыктары сурдокотормо менен коштолот. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн КТРК менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын ортосунда келишимге кол коюлган. 

2008-жылы кыргыз телекөрсөтүүсундөгү жаңылыктар программасы сурдокотормонун ордуна жүгүртмө сапты чыгарып баштагандан бери, өлкөдөгү бир да телеканал, кол менен жаңсап түшүндүрүү менен алектенген жок. Эми көптөгөн аракеттердин аркасы менен бүгүнтөн баштап КТРКда кайрадан сурдокотормо менен түшүндүрүү иштеп баштады.

Расмий маалыматттарга караганда, Кыргызстанда 5 миңге чукул көрүүсү жана угуусу начар жаран жашайт. Эми алар күн сайын, кечки саат 19 да жана 21де коомдук биринчи каналдан жаңылыктарды сурдокотормо аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.