Жаңылыктар
БШК бир мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлер менен жолугушуу өткөрдү
Шайлоо 2023
БШК бир мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушууга бир мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлер, айрымдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү келишкен. 

Тараптар жыйында шайлоодо орун алган мыйзамсыз көрүнүштөрдү талкуулап, сунуш пикирлерин айтып, андан кийин чечим кабыл алуу тууралуу макулдашты. 

БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгы күмөн жаратпашы үчүн талаш жараткан маселе болбошу керек дейт. 

Талапкерлердин басымдуу бөлүгү атаандаштарын добуш сатып алууга айыпташты. Маселен, Ноокен шайлоо округу боюнча талапкер Акылбек Арстанбеков алардын аймагында түздөн түз акча таратуу болбосо да, добуш сатып алуунун белгилери байкалганын айтат. 

Добуш сатып алуу фактылары катталганын башка да талапкерлер белгилешти. Бирок, мыйзамга каршы мындай аракеттер мурдагы шайлоолорго караганда кескин азайганын Бишкек шаарынын Октябрь шайлоо округу боюнча талапкер болгон Тилек Усупов белгиледи. Айтымында, алар добуш берүүнүн жыйынтыгын таанышты. 

Жыйында айтылган ар бир маселе каттоого алынып, тыкыр текшерилмекчи жана жыйынтыгы жалпы коомчулукка жарыяланат. Эске салсак, бул жолу парламенттик шайлоо аралаш тутум менен өтүп, парламентке келчү 90 депутаттын 36сы бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого катышты.