Кечээ, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы болуп өттү. Оюндардын ачылыш аземинде көрүүчүлөргө чабандестердин өнөрлөрүн, кызыктуу концертти, чебер комузчулардын кол ойнотуп черткен күүлөрүн, катышуучу-өлкөлөрдүн командаларын тааныштырууну кучагына алган кызыктуу чоң оюн-зоок тартууланды. Майрамдык салтанаттын башкы бөлүгүн америкалык белгилүү актер Стивен Сигал баштап берди.
Көчмөндөр оюндарынын 25 түрү боюнча спорттук таймаштарга катышуу үчүн дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн өкүлдөр келип, параддан өтүштү. Салтанатты дүйнөнүн бир катар жана жергиликүү телеканалдар түз эфирде чагылдырды.
Салтанатты президент Алмазбек Атамбаев ачып өз сөзүндө өлкө башчы дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул өз башатыбызга кайрылып келүү салтанаты, балдарыбызга жана ааламга көчмөндөр маданиятынын бүт кереметин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү деп белгиледи...
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118