Жаңылыктар
Бажы тармагын санариптик жактан өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы тармагын санариптик жактан өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты

Бажы тармагын санариптик жактан  өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты. 2025-жылга чейин беш бөлүктөн турган план тармактык ишин толук түрдө электрондук форматка өткөргөнгө жетишет. Анда бардык  бажы иш-кагаздарын бирдиктүү базага киргизүү мамлекеттер аралык карым-катыштын  баарын электрондук негизде жүргүзүү жана экспорт-импорт товарларын 100% көмүскөдөн чыгаруу аракети каралган.

Бажы тармагын санариптештирүүнүн алкагында беш багыттан турган концепцияны ишке ашыруу менен өлкө экономикалык артыкчылыктарга жетишсе болот. Анда негизги кирешени өтмөктөрдүн электрондук системага туташышы жана экспорт-импорттун ачык болушунан көбөйтсө болот.
 
Кыргызстан Евразия мамлекеттеринин арасында географиялык жактан маанилүү ролду ойнойт. Мындан улам товар алмашууда үчүнчү өлкө же транзиттик мамлекет катары да бир катар киреше таап экономиканы жакшыртууга шарттар бар.
 
Жыл башынан бери бажыдан түшкөн каражаттын көлөмү эки эсеге жогору болгон. 2025-жылга чейин тармакты толук санариптештирүү үчүн азыр 50 IT- адиси түнү күнү иш алып барууда.
 
Пандемияга карата Борбор Азия мамлекеттеринде бажы шарттарын жөнөкөйлөштүрүү боюнча бирдиктүү аракеттер ишке ашууда. Анда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан мамлекеттеринин Бажы кызматтары биргеликте иш алып барат. Мындан сырткары Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сырткары Кытай, Өзбекстан, Түркия сыяктуу үчүнчү мамлекеттер менен товар алмашуу күчөдү. Пандемияда коюлган чектөөлөрдөн арылып жакынкы жылдары экономиканы көтөрүүгө жана бул багытта тышкы байланышты бекемдөөгө аракеттер жасалат.