Жаңылыктар
Өзбекстанда 5-сентябрга чейин аза күтүү күнү деп белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстанда 5-сентябрга чейин аза күтүү күнү деп белгиленди

Кечээ, Өзбекстандын Президенти маркум Ислам Каримовдун сөөгү кичи мекени Самаркандда анын ата-энеси коюлган мүрзөдө жерге берилди. Самаркандда Ислам Каримов менен коштошуу зыйнаты тарыхый Регистан аянтында өттү. 

Самаркандга Каримовдун тажиясына катышуу үчүн жалпысынан 20дан ашуун өлкөлөрдүн делегациялары барды. Ислам Каримов менен коштошуу зыйнатына кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков да катышты. Өзбекстанда 5-сентябрга чейин аза күтүү күнү деп белгиленди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118