Жаңылыктар
Добуштарды колго саноонун протоколдорун каттоо аяктап калды
Шайлоо 2023
Добуштарды колго саноонун протоколдорун каттоо аяктап калды

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага 99,96% катталып бүттү. 

2 494 участкалык шайлоо комиссиясынын бирөө боюнча гана маалымат кечээтен бери жаңылана элек болууда. Кол санак бүткөнүн, протоколдор жалпы системага катталып жатканын, шайлоонун расмий жыйынтыгы кол менен саноодон кийин гана чыгарыларын Боршайком 1-декабрда билдирген. 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. 

Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми 36сына 282 талапкер ат салышты.Шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы зарыл.