Жаңылыктар
“Маш ботой” дүйнө жүзүнө жаңырды
Маданият
“Маш ботой” дүйнө жүзүнө жаңырды

Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү дүйнө жүзүнө жаңырды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде, сап-сапка тизилген миң комузчу бир дем менен “Маш ботойду” аткарып, калың элди таңдандырды. Уюштуруучулар буга чейин 1000 комузчунун бир ыргак менен күү аткарганы Гиннес китебине киргизиле тургандыгын жар салган. 

1000 комузчунун бир дем менен бир кишидей аткаруусундагы Атайдын “Маш ботойу” көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы жүрөк элжиреткен учур болду. Сап-сапка тизилген жаш комузчулардын шартылдата кол ойнотуп черткени чет элдиктерди таңдантса, калың элдин төбөсүн көккө жеткирди. 3 кыл комуздан чыккан күү элди толкундантып, рухун көтөрүп, сыймыгын арттырды.
Көп жылдар журналист болуп эмгектенип, учурда Жапониянын жогорку окуу жайларынын биринде сабак берген Норио Хориэ алыскы Жапониядан атайын көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген. 68 жаштагы аксакалга көчмөндөр оюндары өзгөчө кайталангыс таасир калтырыптыр. Айрыкча 1000 комузчунун күү черткени анын оозун ачырган.