Жаңылыктар
Кан басымдын жогору болуу себептери, анын белгилери, дарылоо
Ден соолук
Кан басымдын жогору болуу себептери, анын белгилери, дарылоо

Акыркы убакта Кыргызстанда кан басымдын жогорулашынан улам пайда болуучу жүрөк-кан тамыр системасынын өнөкөт оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Көйгөйдү чечүүнүн жолдору бүгүн Бишкекте талкууланды. Иш-чарага Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери, окумуштуулар жана серепчилер катышты.