Кыргызстандагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздаган мыйзам эксперттердин талкуусунан өттү. Ага ылайык бул жааттагы мазмуну бирин-бири кайталаган эки мыйзамдын өзөгү бириктирилмек болду. Адистер саны көп, сапаты жок мыйзамдан көрө, элге көп убакытка кызмат өтөп берген бир мыйзам болсун деп жатышат.