Биринчи жолу преференциалдык система менен өткөн шайлоо парламентти жаңылоого шарт түздү. Бир мандаттуу округдардан да партиялык тизме менен да аттангандардын арасынан ар бир добуш берүүчү өзүнө жаккан адамды тандап алды. Ошол эле учурда жарышка катышкандардын баарына бирдей шарт түзүлүп, мурдагыдай кайсы бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик кызматкерлердин аракетине тыюу салынган.