Жаңылыктар
Бүгүн Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү
Коррупция
Бүгүн Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү

9-декабрь - Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясында кабыл алынып, 2003-жылдан бери белгиленип келет. 

Бул күндү утурлай борбор шаарда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөлөрүнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан жыйын өтүп, коррупция менен күрөшүү багытындагы мындан кийинки кадамдар талкууланды. Белгилей кетсек, аталган кеңеш Президенттин жарлыгы менен жаңыдан түзүлүп иштеп жатат. 

Жакында эле өлкө башчынын катышуусу менен алгачкы отуруму өткөн. Бүгүнкү жыйында сөз болгондой, Антикоррупциялык ишкердик кеңеш коррупция менен күрөшүү чараларын камтыган стратегиянын үстүндө иштеп жатат. Ал жакында коомдук талкууга чыгарылат.