Жаңылыктар
Низами акындын чыгармачылыгына арналган китеп-альбомдун бет ачары өттү
Маданият
Низами акындын чыгармачылыгына арналган китеп-альбомдун бет ачары өттү

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук академиясында Низами акындын чыгармачылыгына арналган китеп-альбомдун бет ачары өттү. 

Маданий иш-чара Түрк дүйнөсүнүн улуу акыны, ойчул Низами Гянджевинин 880 жылдыгына карата түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун демилгеси менен уюштурулду. Китеп Азербайжандын мамлекет башчысынын "2021-жыл - Низами Гянжеви жылы" деп жарыялаган жарлыгына ылайык, басылып чыкты. 

Ал эми биринчи китеп-альбом 2018-жылы - Айтматов жылында ТҮРКСОЙ уюму тарабынан жарык көргөн. Кийинки жылы Абай сыяктуу түрк элдеринин улуу инсандары тууралуу китеп чыгарылган. Азыркы учурда Алишер Навоининин чыгармаларын чыгаруу пландалууда.