Аргентинада коронавирустун "омикрон" штаммынын биринчи учуру катталды. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, аталган штамм Түштүк Африкадан АКШ аркылуу Аргентинага 30-ноябрда келген саякатчыдан аныкталган.
"Учакка отурарда жана учуп келгендеги тесттин жыйынтыгында оору аныкталган эмес. Өлкөгө келгенде кайрадан тест тапшырганда "омикрон" штаммы аныкталган. Вакцина алган жаранда оорунун белгилери байкалган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 29-ноябрда Аргентинанын бийлиги Африка өлкөлөрүнөн келген бардык жарандарга 14 күндүк карантин режимин киргизген.