Жаңылыктар
ЕАЭБ: мамлекеттердин башчылары көтөргөн маселелер
Экономика
ЕАЭБ: мамлекеттердин башчылары көтөргөн маселелер

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Экономика, коронавирус пандемиясы жана биримдиктин келерки жылдарга карата ишмердигинин багыттары талкууланган жыйын видеоконференция форматында өттү. 

Мындан сырткары, Евразиялык экономикалык биримдикте жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу талкууланды.