Жаңылыктар
Бишкек шаарына отуз миң кишини батырган футбол стадиону курулат
Спорт
Бишкек шаарына отуз миң кишини батырган футбол стадиону курулат

Бишкек шаарына отуз миң кишини батырган футбол стадиону курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн өткөн кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. 

Ага кыргыз футболунун ардагерлери, учурдагы оюнчулары жана спорт күйөрмандары катышты. Тарыхый датанын урматына дүйнөлүк футбол уюмунун президенти Джанни Инфантино мырза дагы куттуктоосун жолдогон.