Жаңылыктар
Ошто 17 тилкеде кайрадан кол санак жүрдү
Шайлоо 2023
Ошто 17 тилкеде кайрадан кол санак жүрдү

Ошто 28-ноябрдагы шайлоонунун жыйынтыгы күмөн жараткан тилкелерде добуштарды кайрадан саноо жүрдү. 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин берген маалыматына караганда, Ош округдагы 17 участкага кайрадан кол санак жүргүзүү арызын “Альясн”, “Эл үмүтү” жана “Ата Мекен” партиялары берген.

Арыз берген тараптар, бул өнөктүктө “жараксыз” бюллетендердин болгондугу менен негизделген. Ушул себептүү, БШК тарабынан аталган добушканаларга кайрадан кол санак жүргүзүү чечимин 9-декабрда кабыл алган. 

Кайрадан саноо Ош шаары менен облуста жалпы 45 участокто жүрдү.