Жаңылыктар
Көк бөрү: казак курамасы өз тайпасында лидер болууда
Спорт
Көк бөрү: казак курамасы өз тайпасында лидер болууда

Көк бөрү боюнча Казакстан курама командасы өз тайпасында лидерлик сапка чыкты. Азырынча казактардын көк бөрүчүлөрү эч кимге жеңиле элек. 

Мелдештин экинчи күнүндө көк бөрү беттеши Кытай-АКШ командаларынын оюну менен башталды. 

Жыйынтыгында Кытай тарап атаандашын 20:4 эсебинде утуп алды. Бул АКШ курамасынын экинчи жеңилүүсү болду. 

Буга чейин Россияга 17:7 эсебинде утулган. Эми эртең АКШ Казакстанга каршы ойнойт. Ал эми Россия менен Кытай таймашмакчы.

Бүгүн саат 14:00дө Түркия-Афганистан, 15:30да Кыргызстан-Башкирия курамалары беттешет.