Жаңылыктар
Ош жана Баткен облусу спортто күч сынашты
Кыргызстан жаңылыктары
Ош жана Баткен облусу спортто күч сынашты

Кызыл-Кыя шаарында президенттин Ош жана  Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлеринин ортосунда спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Маалым болгондой, эки облустун администрациясынын кызматкерлери спорттун футзал, волейбол жана стол тенниси түрү боюнча күч сынашты. Спорттук мелдештин жыйынтыгында командалык эсепте президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жеңишти камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик кызматкерлер арасында достукту чыңдоо жана спорттун өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.