Жаңылыктар
УКМК: Түркиялык ишкерди уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Түркиялык ишкерди уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Түркиялык ишкерди уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, шектүүлөр түрк ишкерден 3 млн. доллар талап кылган. Аны уурдоонун уюштуруучусу ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталды. 

Түркиялык ишкер үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Кыргызстанга учуп келген. Аны кылмыштуу топ “Манас” аэропортунан документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча менен коркутуп, акча, саат, телефон, ноутбук сыяктуу баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан. Андан соң уурдагандар уюштуруучунун катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сатып алууну 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, түрк ишкерин жасалма түрдө кое беришип, уурдоону уюштурган жаранды барымтага алып калышкан. Азыркы учурда кылмышка шектүү катары 3 жаран жана “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.