Жаңылыктар
АКШ: Бороон кеминде 100 кишинин өмүрүн алды
Дүйнө
АКШ: Бороон кеминде 100 кишинин өмүрүн алды

Жергиликтүү бийликтин алдын ала маалыматына ылайык, Кентукки штатындагы бороон кеминде 100 кишинин өмүрүн алды. 

Губернатор Энди Бешир бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калганын белгиледи. Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик борбору эсептелген Мейфилд шаары жабыркаган. Бороон шам чыгаруучу заводдун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын талкалаган. 

Жергиликтүү бийлик Кентуккиде өзгөчө абал жарыялады. Мындан тышкары, Теннесси штатында үч киши, Арканзас штатында бир киши каза болгону кабарланды.