Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы сапары
Саясат
Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы сапары

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында, Самарканд шаарында кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Анда Сооронбай Жээнбеков Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан көңүл айтып, Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун - эгемендүү Өзбекстанды куруудагы, эл аралык көз караштарды бекемдөөдөгү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндөгү негизги ролун белгиледи.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Кыргыз республикасынын президентине оор күндөрдөгү колдоосу үчүн жана Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримов менен коштошуу зыйнатына катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Тараптар жолугушууда мындан тышкары соода-экономикалык өнөктөштүктүн келечеги, айыл чарба тармагындагы, транспорт инфраструктурасындагы кызматташтык маселелерин талкууланды. Негизги көңүл чек ара маселесине бурулду.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!