Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы Башкортостанды ири эсепте утту
Спорт
Кыргызстан курамасы Башкортостанды ири эсепте утту

4-сентябрда Көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргызстан курама командасы атаандашы болгон Башкортостанду 26:5 ири эсебинде утуп алды.

Кыргыз тарап оюндун биринчи бөлүгүнөн акыркы мүнөттөрүнө чейин беттешке көзөмөлдүк кылып, каалашынча атаандаштын тайказанына улакты таштап жатты. 

Ал эми Башкортостандан келген улакчылар болгон күчүн жумшаганы менен кыргыз тарапка туруштук бере алышкан жок.