Жаңылыктар
Чек ара бекем кайтарылууда
Чек ара
Чек ара бекем кайтарылууда

Чек ара кызматынын өздүк курамы мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алды. Мындай тартип экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жатканына жана КМШга  кирген өлкөлөрдүн саммитине карата даярдыкка байланыштуу киргизилди. Маалыматты чек ара кызматынын басма сөз кызматы таратты. 

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек өткөрмө бекетинде, 3-сентябрдан тартып, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилген. Бирок эки өлкөнүн мекенине кайтып келе жаткан жарандары чек арадан тоскоолдуксуз өтүшөт. 

Ал эми үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118