Жаңылыктар
Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды
Кылмыш
Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды

Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБне жаран арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылындагы жайлоодон белгисиз адамдар бир баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Уурдоо" беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 

Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милициясынын Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 21 жана 20 жаштагы кишилер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.