Жаңылыктар
"Новая волна" сынагынын 1-турунда Нурсултан Азыкбаев 2-орунга чыкты
Маданият
"Новая волна" сынагынын 1-турунда Нурсултан Азыкбаев 2-орунга чыкты

Кыргызстандык Нурсултан Азыкбаев эл аралык “Новая волна” музыкалык сынагынын биринчи күндөгү жыйынтыгы боюнча 2-орунду багындырды. Ал британиялык ырчы Cтингдин репертуарындагы "Shape of my heart" чыгармасын аткарган. 

Мекендешибиз Нурсултан ошондой эле Григорий Лепс менен дуэт ырдайт. Үчүнчү этапта болсо өзүнүн “Аттиң ай” деп аталган кыргыз тилиндеги ырын аткарат. Эми Нурсултан көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнө муктаж. Колдоо көрсөткөндөр уюлдук телефон аркылуу кат жөнөтүшү керек. Эскерте кетсек, “Новая волна” сынагы Сочиде өтүп жатат.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118