Жаңылыктар
"Күрдистан жумушчу партиясы" террордук уюмунунун бөлүкчөсү аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
 "Күрдистан жумушчу партиясы" террордук уюмунунун бөлүкчөсү аныкталды

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, Талас облусунун тургундарынын ичинен "Күрдистан жумушчу партиясы" террордук уюмунунун бөлүкчөсү аныкталды. Алар Сирия-Ирак тилкесинде согуштук аракеттерге катышып, эл аралык издөө жарыяланган. 

Россиянын атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 16-октябрда Москва шаарынын аймагында жасалма документтердин негизинде жашынып жүргөн Талас облусунун тургуну аныкталып, кармалган. Эки тараптуу келишимге ылайык, издөөдө жүргөн киши Кыргызстанга экстрадицияланды. 

Азыркы учурда Кылмыш-жаза кодексинин "Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик даярдыктан өтүүсү" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бердиктүү реестрине катталып, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул фактынын бардык жагдайларын изилдөөгө жана тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.