Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Дубай шаарынын полициясынын «Акылдуу шаар» борборуна барды
Экономика
Акылбек Жапаров Дубай шаарынын полициясынын «Акылдуу шаар» борборуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жумуш сапарынын алкагында Дубай шаарынын полициясынын "Акылдуу шаар" борборуна барды. Борбордун ишмердүүлүгү жана инновациялык башкаруу системасы менен таанышып чыкты. 

Министрлер Кабинетинин башчысы борбордун алдыңкы тажрыйбасын изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, коомдук тартипти жана жарандардын, ошондой эле өлкөгө келген туристтердин коопсуздугун камсыздоонун артыкчылыгын белгиледи.