Жаңылыктар
БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныды
Шайлоо 2023
БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныды

Бүгүн, 15-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү округу боюнча шайлоону өттү деп тааныды. 

Бирдиктүү округ боюнча 21 саясий партия ат салышып, алтоо беш пайыздык босогодон өткөн. "Ата-Журт Кыргызстан" 17,32%, "Ишеним" - 13,61%, "Ынтымак" - 11%, "Альянс" - 8,35%, "Бүтүн Кыргызстан" - 7,04%, "Ыйман Нуру" - 6,17% алды. БШКдан билдиришкендей, парламентке өткөн партияларга бөлүштүрүлгөн мандаттардын 30 пайызын аялдар түзүшү керек. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына - 15 мандат берилсе мунун бешөө аялдар. "Ишенимге" - 12 орундун төртөө, "Ынтымак" - 9, мунун үчөө, "Альянс" - 7, үчөө аялдарга, "Бүтүн Кыргызстан" - 6, экөө айымдар. "Ыйман Нуру" - 5 депутаттык мандатка ээлик кылып, эки мандат аялдарга берилиши шарт. Белгилей кетсек, добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы, автоматтык эсептегичтерден олуттуу айырмаланбайт.