Жаңылыктар
Эркин тандоо парламентти жаңылады. Жетинчи чакырылыштын депутаттарынын алдында чоң жоопкерчилик бар
Шайлоо 2023
Эркин тандоо парламентти жаңылады. Жетинчи чакырылыштын депутаттарынын алдында чоң жоопкерчилик бар

Бул жолу жарандар каалаган талапкерин тандоого шарт түзүлүп, элдин эркин тандоосу менен парламент жаңыланууда. Буга Президенттин добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга тыюу салганы түрткү болду - дешет эксперттер.

Аралаш система менен өткөн добуш берүүдө мурдагыдай административдик ресурс колдонуу, добуштарды сатып алуу сыяктуу ыплас ыкмалар колдонулган жок. Элдин эркин тандоосун камсыздоого бардык шарттар түзүлүп берилди. Талапкерлердин ар бирин эл өзү тандап алды. Аралаш система аркылуу шайлоочулар өздөрүнө жаккан талапкерди тандоо менен парламентти жаңылап алышты. Президенттин шайлоолорду таза, адилеттүү өткөрүү талаптарына ылайык, жарандар талапкерлердин акчасына, мансабына караган жок. Натыйжада Жогорку Кеңешке ар кандай кесиптеги адамдар келгени турат. Эми жетинчи чакырылыштын депутаттарынын алдында чоң жоопкерчилик бар.