Жаңылыктар
Легендарлуу мекендешибиз Ороз Мамыралиев 95 жылдык мааракесин белгиледи
Мекендештер
Легендарлуу мекендешибиз Ороз Мамыралиев 95 жылдык мааракесин белгиледи

Президент Садыр Жапаров легендарлуу мекендешибиз Ороз Мамыралиевди 95 жылдык мааракеси менен куттуктады. Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, дипломаттар ардагерге урмат көрсөтүштү. 

Көкүрөгү орден, медалдарга толгон легендарлуу Ороз Мамыралиев 95 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ардагерди мамлекет башчысы Садыр Жапаров куттуктады. Президенттин куттуктоо сөзүн Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат окуп берди. Башкы командачынын атынан Ороз Мамыралиевге саат жана 100 миң сом тапшырылды.

Каарманыбыз 1945-жылы Жеңиш парадын даярдап, Жуков менен Рокоссовскийдин аттарын машыктыргандардын бири катары таанылган. Советтер Союзунун Маршалы Кумир аттуу аргымакты минип биринчи Жеңиш парадын кабыл алган. Ороз ата кесиптештери менен жылкыны ыргагы менен басууга, токтогонго, чабууга үйрөтүп, аскердик техниканын түрүнө көндүрүшкөн.

95 жаштагы Ороз Мамыралиев алдуу-күчтүү, ошондогу окялардын баарын майда-чүйдөсүнө чейин эстейт, тамашалайт. Жаш кезинде зоотехник болууну кыялданчу. Жылкыга болгон сүйүү кыргыздын канында бар дейт ардагер. Кыргыз элинин легендарлуу уулуна мекендештер урмат көрсөтүп, республиканын ички иштер министри куттуктоосун, белектерин берип жиберген.

Ардагерди Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын студенттери кубандырды. Алар өздөрүнүн концерттик номурларында көчмөндөрдүн канаты болгон жылкы менен улуттук оюндарды көрсөтүштү.

40 жылдык тажрыйбасы бар кавалерист, ат спорту боюнча спорттун чебери, инструктор-машыктыруучу, Ороз ата – Россиянын ардактуу мергенчиси, милициянын отставкадагы подполковниги. Ал ар дайым туулуп, өскөн жери менен байланышын үзбөй келет, ар бир маегинде мекендештерин жакшылык кылууга чакырат, анткени ал дайыма кайтып келбей койбойт, - дейт ардагер.