Жаңылыктар
Коомдогу лидер айымдардын ролу, алардын Жогорку Кеңештеги жетишкендиктерин талкуулаган жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдогу лидер айымдардын ролу, алардын Жогорку Кеңештеги жетишкендиктерин талкуулаган жыйын өттү

Коомдогу лидер айымдардын ролу, алардын Жогорку Кеңештеги жетишкендиктери жана андан алынган тажрыйбаларды талкуулаган жыйын өттү. Талкууга республиканын бардык аймагынан жергиликтүү жана парламентке депутаттыкка талапкер болгон айымдар, элет жерин өнүктүрүүгө салым кошкон ишкер аялдар жана коомдук ишмерлер катышты. Алар биринчи кезекте аялдарды өз оюн, талаптарын жана коомдо болуп жаткан түрдүү көрүнүштөрдү ачык айтууга чакырды.

Аялдар көп учурда өз көйгөйлөрүн жашырып, же элден тартынып келгендиктен ар кандай зомбулуктарга учурап, укуктары бузулган фактылар көп кездешет. Мындан улам зомбулуктун алдын алууда эркектер менен эриш-аркак сунуш-пикирлерин айтып чогуу иш алып баруу зарылдыгы айтылды. Азыркы тапта өлкөдө саламаттык сактоо тармагында 70%, билим берүү жаатында 85%, айыл-чарбада 60% аялдар эмгектенүүдө.

Коомдо аялдардын активдүүлүгүн күчөтүүдө эл аралык уюмдар да бир нече жолугушууларды өткөрүп, шайлоого чейин 250 аялды атайын окуудан өткөрүшкөн. Арасында партиялардын жана бир манданттуу округдардан чыккан талапкерлер да бар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамынын 64-беренесине ылайык, саясий партиялар 30% кем эмес аял депутаттардын парламентте болушун камсыздашы шарт. Мындан улам шайлоодогу катталган талапкерлердин арасында тизмеге ар бир бешинчи болуп айым катталган. Азыркы тапта мандат бөлүштүрүүгө келгенде аялдардын квотасын эске алуу тартиби менен бөлүштүрүлүүдө.