“Ала-Тоо” аянтына орнотулган башкы балатынын жарыгы жандырылды. Салтанаттуу аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Шаар тургундары менен меймандарга концерт, оюн-зоок да тартууланды. Жаңы жылдык балаты былтыркыдан айырмаланып кооздолгон.