Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстандын дзюдочулары үчүн жемиштүү жыл болду
Спорт
Быйыл Кыргызстандын дзюдочулары үчүн жемиштүү жыл болду

Жылдын жыйынтыгы менен ийгиликке жеткен спорчулар жана машыктыруучулар сыйланды. Кыргызстанда спорттун бул түрү боюнча биринчи жолу 2021-жылдын 6-апрелинен 9-апрелине чейин Бишкекте аялдар жана эркектер арасында Азия жана Океания чемпионаты болуп, ага 29 өлкөдөн 200дөй спортчу катышкан. Анда кыргызстандык Владимир Золоев алтын медаль жеңип алып, Азия чемпиону болуп калды. Ал эми Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду. 

Ошондой эле Кыргызстандык дзюдочулар Казакстанда өткөн кадеттер жана өспүрүмдөр арасында Азия кубогунда 3 алтын тагынышты. Ливанда өткөн өспүрүмдөр арасындагы мелдеште дагы Кыргызстандын желеги желбиреп, алдыңкы орундарды камсыздашкан. 

Кадеттер арасында 4 медаль, өспүрүмдөр арасында да ушунча медаль тагынып, Кыргызстандын куржунуна жалпы 8 медаль салышкан. Мындан тышкары өлкөдө быйыл дзюдо академиясы ачылды. Кыргызстандын дзюдо федерациясы курган спорттук жайдын аянты 3700 чарчы метр. Эми Кыргызстандын курама командасы 2024-жылы Парижде өтүүчү олимпиада оюндарына кызуу даярдык көрүүдө.