Өлкө башчысы Садыр Жапаров жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. 18-19-декабрь күндөрү боло турган сапардын алкагында Мамлекет башчысы бир катар объектилердин ачылыш аземине катышып, өнөр жай ишканаларынын иши жана жол курулушунун жүрүшү менен таанышат.
Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров облустук клиникалык оорукананын мисалында дубандагы медицинанын абалы менен таанышаары күтүлүүдө.