Жаңылыктар
"Кумтөр" төлөгөн салык боюнча
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" төлөгөн салык боюнча

 "Кумтөр" ишканасы 2021-жылдын 11 айында 6,9 миллиард сом эмес, 11,7 миллиард сом салык төлөгөн. Бул тууралуу аталган компания билдирди. Буга чейин, 13-декабрда депутат Осмон Турдумамбетов парламент комитетинин бюджет жана каржы боюнча жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаевден Кумтөр кенинин алтыны кайда кетип жатканын сураганда, министр мындай маалыматы жок экенин билдирген. Бирок 15-декабрда Финансы министрлиги алтындын сатылышы боюнча "Кыргыз алтын" ишканасы жоопкер экенин айтып, "Кумтөр голд компани" ишканасынын төккөн салыгы боюнча маалымат берген. Ага ылайык, ишкана 2020-жылы 9 миллиард 618,7 миллион сом, 2021-жылдын 11 айында 6 миллиард 998,8 миллион сом төлөгөнү маалым болгон. 

"Биз Финансы министрлигинин кызматкерлери өзүнүн жетекчисине толук маалымат бербегенине абдан таң калып жатабыз. Алмаз Бакетаев ЖМКларга дүң киреше салыгы боюнча гана айтты. Ооба, 11 ай ичинде дүң киреше салыгынын көлөмү 6 миллиард 998 миллион сомду түзгөн, бул пландалган суммадан бир аз көбүрөөк. Бирок биз салыктын башка түрүн, жыйымдарды дагы төлөдүк. Анын баарын кошкондо 11 ай ичинде 11 миллиард 714 миллион сом төгүлгөн” - деп айтылат билдирүүдө. 

Компания жылдын жыйынтыгы тууралуу отчеттор жаңырчу жылдын баштапкы айларында расмий сайтына жарыялана турганын кошумчалады.