Жаңылыктар
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси уланууда

Бишкек шаарынын борборунда жылдын аягына чейин айыл чарба жарманкеси өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтүп жатат. Жарманкеде ортомчусуз 50дон ашык өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба жана тамак-аш продукциясын - жумуртка, эт, сүт азыктары, жашылча жана башкаларды дүң баа менен сатып алууга мүмкүн болот.