Жаңылыктар
Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Мамлекет башчысы УКМК ардагерлеринин жана кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн эң ири облустарынын бири болгон Жалал-Абадда улуттук коопсуздукту камсыз кыла турган орган кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу үчүн ыӊгайлуу шарттардын түзүлүп жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш экенин белгиледи. Президент Садыр Жапаров коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин так жана ырааттуулук менен аткарып, чалгын иштерин жана чалгынга каршы аракеттерди көрүп, паракорчулук, аткезчилик, терроризм, диний экстремизм, баңги бизнеси жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликтерди жаратып жатканын белгиледи. 

"Ага жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилген бир катар резонанстык иш-чаралардын жыйынтыктары далил. Жыйынтык бар, демек иш бар", — деди Мамлекет башчысы.

Өлкөнүн, элибиздин жана жарандарыбыздын коопсуздугун кынтыксыз камсыз кылган кызматкерлер ар тараптан колдоого алынып, аларга тиешелүү шарттар менен кошо социалдык кепилдиктерди берүү зарылдыгын өлкө жетекчиси белгилеп, иштин көлөмүнө, аткарган кызматынын оордугуна жараша шарт түзбөй туруп, кызматкерлерден кандайдыр бир натыйжаларды, ийгиликтерди талап кылуу адатынан качуу керектигине токтолду.