Жаңылыктар
Иш сапардын алкагында өлкө башчысы Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Иш сапардын алкагында өлкө башчысы Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Иш сапардын алкагында өлкө башчысы Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннелдин курулушунун жүрүшүн көрдү. Садыр Жапаровго бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ири туннелдерден боло турган туннелдин 2991 метринде иштер бүткөрүлгөнү маалымдалды. Туннелди куруу боюнча иштер бир учурда эки тарабынан жүрүүдө. Бир тарабы түштүктөн, бир тарабы түндүктөн тешилүүдө. Туннелдин узундугу 3 800 метр, туурасы – 10 метр, бийиктиги – 8,5 метр. Туннелдин 3800 метринин 3619у тешилди. Мамлекет башчысы туннелди жана стратегиялык Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча бардык иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ал бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бериши керек.