Жаңылыктар
Президент Жалал-Абад клиникалык ооруканасына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Жалал-Абад клиникалык ооруканасына барды

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында болду. Өлкө башчысы Жалал-Абад облусунун калкына адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн медициналык мекеменин жаңы имаратын, палаталарын жана операция жасоочу бөлүмүн көрүп чыкты.100 жатак орунга эсептелген жаңы корпуста төрт бөлүм бар. Бул жаак-бет, ЛОР, көз жана урология бөлүмдөрү. Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жамааты менен жолугушуп, баарлашты. Ал эки жылдан бери эч нерсеге карабай коронавирус менен күрөшүп келе жаткан медицина кызматкерлеринин талыкпаган эмгегин белгиледи. Мамлекет башчысы бул жаатта кадрлардын жетишсиздигине, өзгөчө айылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигине токтолду. Көпчүлүгү айлык маянанын аздыгынан чет өлкөгө иштегени кеткен. Мамлекет кетип калгандарды мекенине кайтаруу үчүн айлык акыны дагы жогорулатууну пландаштырууда. Президент белгилегендей, келерки жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Ал ошондой эле турак-жай менен камсыз кылуу маселесине токтолду. Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекеттик ипотеканы жеңилдетилген шартта берүү маселеси каралат. Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашуу учурунда “Ден соолук кербени” көчмө медициналык комплекстери бажы жол-жоболорундагы көйгөйлөрдөн улам аймактарга чыга албай жатканы белгилүү болду. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров облустагы көчмө медициналык комплекстердин мындан аркы иштеши үчүн бардык бажы процедураларынан өтүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырды. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун тургундарына жалпысынан 418 мекеме медициналык жардам көрсөтүүдө.