Жаңылыктар
Президент Сузактын тургундары менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сузактын тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун жашоочулары менен жолугушту. Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү пландары, анын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү жана ишкерлер менен фермерлер үчүн жеңилдетилген насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү боюнча чаралар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Президент жакында кол койгон фермерлерди жана дыйкан чарбаларын үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотуу жөнүндө Жарлыкты эске салды. Мамлекет башчы ошондой эле Союз тарагандан бери Кыргызстан өз эсебинен бир дагы аскердик техника сатып албаганын айтты. Аскердик-техникалык колдоо ар дайым ар кайсы мамлекеттер тарабынан көрсөтүлүп келген. Ушуга байланыштуу өлкөнүн армиясын чыңдоо, анын материалдык-техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу жана мунун бардыгын өлкөнүн бюджеттик каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Учурда коррупция менен анын кандай гана көрүнүшү болбосун активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жатат.