Жаңылыктар
Мигранттар Кыргызстанга которгон акча
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттар Кыргызстанга которгон акча

2021-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстанга 2 миллиард 284 миллион 650 миң доллар которулгандыгын Улуттук банк билдирди. Кеп акча которуу системасы аркылуу салган жеке жактар туурасында болууда. Өткөн жылдын 10 айында өлкөгө 1 миллиард 959 миллион доллар келип түшкөн. 2020-жылдын башында өнөктөш өлкөлөр пандемиядан улам чектөө киргизгендиктен акча көлөмү азайган. Эгерде ар кыл жылдардын 10 айлык жыйынтыгын карап көрсөк, бул сумма рекорддук көрсөткүч экенин байкоого болот. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-октябрь айлары, анда 2 миллиард 242,7 миллион доллар которулган. Мигранттардын чет өлкөлөрдөн жиберген акчасы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бирин түзөт.