Жаңылыктар
Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды
Саясат
Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, антитеррордук чараларды жана диний терроризм менен күрөштү күчөтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматты укту. 

Жумакадыров ошондой эле Президентке чек ара маселелерин чечүү, мамлекеттик чек араларды кайтарууну жана коргоону күчөтүү, андан тышкары Кыргызстандын 4 жаранын өзбек тараптын кармап турушуна байланышкан кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдар көрүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. 

Президент жарандардын коопсуздугун, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди так аткарып, өтө аяр мамилени талап кылган чек ара маселелерин конструктивдүү чечүү зарылдыгын белгиледи.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118