Жаңылыктар
Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Маданият
Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Эл аралык айтышта кыргыз акыны Азамат Болгонбаев, казактардан Мухтар Ниязов баш байгеге ээ болсо, биринчи орун үчүн кош байге Болот Назаров менен Жаркынбек Наушанбековго берилди. 

Экинчи орунду Амантай Кутманалиев, Нурмат Масуров, 3-орунду Асылбек Маратов менен Дидар Калиев ээлешти. Мындан башка тогуз акынга кызыктыруучу сыйлыктар берилди. 

Баш байге алган ар бир акынга 300 миң сомдон, биринчи орунга татыгандарга 150 миңден, андан ары 100 жана 80 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сомду түздү. 

Кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы онунчу жолу, ал эми мындай кош байге коюлган сынак төртүнчү жолу уюштурулду. Кош байгеде эки акынга тең бирден орун, бирдей байге коюлат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118