Жаңылыктар
"Ата керээзи" тасмасы Монреалдагы кинофестивалда баш байгени ээледи
Маданият
"Ата керээзи" тасмасы Монреалдагы кинофестивалда баш байгени ээледи

Кыргыз режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" аттуу көркөм тасмасы Монреалдагы "А" классындагы "Золотой Зенит" эл аралык кинофестивалынын башкы байгесине ээ болду.

Кыргыз элинин баалуулугун чагылдырган тасмадагы баш каармандардын ролун Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Иман Мукул жана Бакыт Мукул аткарышкан.

Montreal World Film Festival - 1977-жылы түптөлгөн жана 15 эң престиждүү кинофестивалдарынын катарын толуктаган,  "А" классындагы эл аралык кинофестиваль.

Көптөгөн тасмалардан алдыга чыгып, баш байгени ээлеген тасма кыргызфильминин жетишкендигин, тасманын мыкты деңгээлде тартылганын тастыктайт.