Жаңылыктар
«Кыргызтелефильм» студиясы Нурбек Изабеков тууралуу даректүү фильм тартты
Спорт
«Кыргызтелефильм» студиясы Нурбек Изабеков тууралуу даректүү фильм тартты

Коомдук телерадиоберүү  корпорациясынын алдындагы «Кыргызтелефильм» студиясы  «Тренер» аттуу даректүү  фильминин өндүрүшүн аяктады.

Фильмдин башкы каарманы - Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы машыктыруучусу  Нурбек Изабеков. Ал дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүлгөн спортсмен кыздарды тарбиялаган адам.

Бул  фильмден көрүүчү Нурбек Изабековдун спортсмен жана машыктыруучу катары жеӊиштери, суктана турган турмуштук жолу жөнүндө кабардар болот.

Күрөш залы - Нурбек Изабеков үчүн анын жумушу гана эмес тагдыры болуп калган!  Эл аралык бийиктикке көтөрүлгөн спорт жылдыздары,  улуттук сыймыгы болуп калган кыздарыбыз  Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери, машыктыруучу  Нурбек Изабековдун, анын командасынын эӊ татаал жана түйшүктүү эмгегинин даӊазалуу мээнети!

Жакында бул фильмди КТРКнын эфиринен көрө аласыздар. Сценарийдин автору жана режиссеру -  Кыргыз эл артисти Тынай Ибрагимов.