Жаңылыктар
Өрт кырсыгында куткарууга көмөктөшкөн Ю.Лугвин каармандыгы үчүн сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Өрт кырсыгында куткарууга көмөктөшкөн Ю.Лугвин каармандыгы үчүн сыйланды

Төрага Чыныбай Турсунбеков Орусия Федерациясынын жараны Юрий Лугвинди кабыл алып, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшыруу менен атайын саат белек кылды. Бул адам 27-август күнү Москвадагы басмаканада болгон өрттөн кыргызстандыктарды куткарганга жардам берген.

Юрий Лугвин кыргызстандыктардын жылуу кабыл алгандыгына ыраазы болуп, “Мен II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышын катыштым. Кереметтүү Ысык-Көлдү көрүп, меймандос элиңиздер менен тааныштым. Улуттук тамактарыңыздар да өзгөчө экен. Кыскасы менде Кыргызстан тууралуу жакшы гана ой калыптанды”, - деген оюн айтты. 

Белгилей кетсек, Москвада болгон бул кырсыктуу өрттөн кыргызстандыктарды куткарууга өзүбүздүн мекендештерибиз дагы катышкан. Алардын аты-жөнү толук такталгандан кийин, баардыгы сыйлыкка көрсөтүлөт.  

Ал эми, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов дагы каармандык көргөзгөн Юрий Лугвинди ӨКМнин "Өрт кырсыгында көргөзгөн каармандыгы" үчүн медалы менен сыйлап, кырчындай өмүрлөр кеткен кырсыкта көргөзгөн жардамына ыраазычылыгын билдирди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118